Мектептерге жоолук салынып келүүгө тыюу салынууда

Автор -
437

Ташкент облусунун элдик билим берүү башкармалыгы мектепке жоолук салынып келүүгө тыюу салууда. Аткаминерлер директорлордон мектептердин кире беришине атайын кезметчи коюп, жоолукчан кыздарды ичкери киргизбөөнү талап кылууда.

Облустагы мектептердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйын учурунда башкармалыктын өкүлү, бул багытта абал оор, жогору жактан берилген тапшырма олуттуу экенин билдирди.

– Мектептин ичинде ата-энелер эмес, силер кожоюнсуңар. Ата-энелер үйлөрүндө чоң болсун. Мектепте окуучулар биздин талаптарга баш ийүүгө тийиш. Алардын бизге ультиматум коюуга акысы жок.

Элдик билим берүү башкармалыгы өкмөттүн бирдей форма кийүү талабын аткаруу боюнча иш жүрүп жатканын тастыктап, бирок таң атпай мугалимдер “жоолукчандарга аңчылык кылуу үчүн” мектептердин алдында нөөмөткө туруп жатканын четке какты.

Өзбекстан өкмөтү 2018-жылы мектептерде кайсы бир динге таандык кийим-кечелерди кийүүгө тыюу салган токтом кабыл алган.

Бирок динге катуу берилген айрым кишилер бул токтомду “кыздардын абийирине кол салуу” катары баалап, санаалаштарын документке баш ийбөөгө чакырышкан.

Талдоочулар Ташкент жана Фергана облустарында жоолук салынып мектептке барган кыздар башка аймактарга салыштырмалуу көп экенин билдиришүүдө.

Бөлүшүү