Президент: Менин негизги максатым — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы бүгүн бүт дүйнө жүзүндө санариптик технологиялардын өнүгүшү болуп жатканын белгиледи.

«Санариптик технологиялар мамлекеттик башкарууну, элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртат. Жалпы элдин жашоо деӊгээлин көтөрүүгө оң таасирин тийгизет. Жаңы технологиялар экономиканын көнүмүш секторлорун өзгөртөт. Бизнести оптималдуу жүргүзүүгө жана экономиканын өсүшүнө өбөлгө болот. Жасалма интеллект эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Маалыматтар базасынын өзү жаңы баалуулукка айланып баратат. Алдыбызда мурда болбогон жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, өлкөнүн ылдам өнүгүүсүнө багытталган жаӊы мүмкүндүктөрдү пайдалануу — азыркы учурдун мамлекеттик бийликке болгон өктөм талаптарынын бири болуп саналат.

«Биз Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын кабыл алганбыз. Анда өлкөнү санариптик транформациялоо негизги багыт катары белгиленген. Бүгүн каралып жаткан санариптик трансформациялоо Концепциясы мамлекетти башкаруу системасын өзгөртүүгө багытталган. Ошондой эле өлкөбүздүн башка чөйрөлөрүндө да санариптештирүү процессин кеңейтет», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Ал белгилегендей, санариптештирүүгө өзгөчө маани берчү убакыт келип жетти. Келечек — санариптик технологияларда.

«Азыркы учурда Кыргызстан санариптик өнүгүүнүн экинчи деңгээлинде турат. Биз санариптик өнүгүүнүн төртүнчү баскычына чыгуубуз зарыл. Ал үчүн  бардык бийлик бутактары бул максатка өзгөчө көӊүл буруп, катуу аракет жасашы керек. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү бул баскычтан өтүү үчүн ондогон жылдарды коротушкан. Биз бул аралыкты кыска мөөнөттүн ичинде басып өтүшүбүз зарыл. Жайбаракат жүргөнгө бизде убакыт жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал мамлекетти дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калтырган бир катар көйгөйлүү маселелер бар экенин айтып, алардын негизгилерин белгилей кетти.

Булар — маалыматтык технологияларды киргизүүнү каржылоо жагы начар. Анын үстүнө санариптештирүү боюнча стратегиялык документ жок. Эӊ кейиштүүсү — санариптик кызматтарды көрсөтүү ишине мамлекеттик органдардын кызыгуусу төмөн. Алар өздөрү түзгөн маалыматтардын базасы башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болушуна каршылык көрсөтүп жатышат. Акыркы жети жылдын ичинде мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 млн. доллардан ашык каражат жумшалган. Дээрлик 3,5 млрд. сом. Ага карабастан жарандар жана ишкерлер  сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келет.

Мамлекеттик органдар эскирген жабдууларды жана эски системаларды сатып алууга каражаттарын коротуп жатат. Булардын баары моралдык жактан эскирип, мезгилдин талаптарына жооп бербейт.

«Ушул фактылардын баары — өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекет жасап жаткан чараларга терс таасирин тийгизүүдө. Мунун айынан маалыматтык технологияларды киргизүүдөгү натыйжа жокко эсе болуп жатат. Жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү тез арада жоюу талап кылынат. Ал үчүн мамлекеттик башкаруу системасына заманбап мамилелерди киргизүү зарыл, — деп айтты Сооронбай Жээнбеков. — Ошол үчүн менин тапшырмам боюнча, 2019-2023-жылдарда Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо Концепциясы иштелип чыкты. Менин негизги ¸ максатым — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу. Мамлекеттик бийликтин негизги функцияларын аткаруу үчүн санариптик технологияларды кеӊири колдонуу зарыл».

Президент белгилегендей, бул иш мыйзам чыгаруу, сот процессин жүргүзүү, аткаруу бийлигинин функцияларына тиешелүү. Айрыкча, укук коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, банк системасын, салык жана бажы тармактарын камтышы керек.

«Бүгүнкү Коопсуздук кеңешинде кабыл алына турган чечимдер ушул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат. Жалпы коомубуз ушул багытты колдогондо гана биз бул иштин ийгилигине жетебиз. Коомдун колдоосу өтө маанилүү. Бүгүнкү Коопсуздук кенештин маӊызы — элге ушул максаттарды жеткирүүдө турат», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков белгилеп,  жыйындын  катышуучуларына сөз берди.

Бөлүшүү