17-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

17-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 17-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+6, күндүз 0…+5,

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 0…+6,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11 градус болот.

17-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз күн ачык болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1°…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° болот.