Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Сизди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм. Казакстан көз карандысыздык жылдары, Сиздин жетекчилигиӊиздин астында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Сиз демилгелеген масштабдуу мамлекеттик кайра өзгөртүүлөр жана реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүүсүнө, элдин бакубатчылыгынын жогорулашына жана эл аралык аренада Казакстандын кадыр-баркынын бекемделишине түрткү берди. Кыргыз-казак мамилесинин оӊ динамикасы биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелердин андан ары да бекемделишине жана эки элдин кызыкчылыгына кызмат кылаарына терең ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге  бекем ден-соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Бөлүшүү