Кыргызстандык мигрант тууралуу тартылган тасма «Оскар» сыйлыгына талапкер болду

Автор -

Сергей Дворцевойдун кыргызстандык мигрант тууралуу тарткан «Айка» аттуу тасмасы «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» наамы үчүн ат салышкан тасмалардын тизмесине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тасма Казакстандын атынан кирди.

«Айка» тасмасы — Москва шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз кызынын окуясын чагылдырган драма. Анда Айка күтүүсүз жерден кош бойлуу болуп, баласын жарыкка алып келет. Жардам берип, каралаша турган адамы жок болгондуктан жаңы төрөлгөн ымыркайын төрөт үйүнө таштап кетет. Бирок энелик сезими ага жай бербегендиктен таштап кеткен баласын издейт.

Аталган тасмада баш ролду Казакстындын актрисасы Самал Еслямова аткарган. Канн фестивалында ал «Аялдын ролун эң мыкты аткарган» деген наамды алган.

Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи 24-февралда болот.

Бөлүшүү