Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө

Автор -

Маалыматка ылайык, 18-19-декабрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар күрткүсү күтүлгөн аймактар:

—  Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),

—  198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

—  Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

—   Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында,

—  Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында,

—  Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымында,

Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Суу кар электр зымдарга жабышып, үзүлүү коркунучун алып келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл деп эскертет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү