Депутат Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду ынтымакка чакырды

Автор -

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев мурунку жана азыркы президенттин ортосундагы акыркы тирештен улам кайрылуу жасады. Эл өкүлү Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду ынтымакка чакырды.

Рысалиев Алмазбек Атамбаев алты жыл бою өлкөнү татыктуу башкарганын айтып, эми эки чылбыр, бир тизгинди жана камчыны Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берүүнү суранды.

«Сиз өз учурунда мыкты иштерди аткардыӊыз. Ошолордун бири «Үркүн». Сиз аны өз ордуна койдуӊуз»,-деп билдирди депутат.

Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбеков кызматына киришип жатканда убадалаган “КРнын Эл баатыры” наамын экс-президентке тапшырып, экөө жыл аягында бири-бирин кечиришип, жаңы жылга ынтымак менен кирүүнү сунуштады.

Бөлүшүү