Кыргызстанда сасык тумоонун сезону башталды

Автор -

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоонун сезону башталганын билдирди.

Маалыматка караганда, мурунку аптага салыштырмалуу 10-декабрдан 16-декабрга чейин оорулуулардын саны 16%  көбөйүп, 9 миң 77 адамды түзгөн.

Өткөн жылга салыштырмалуу сасык тумоого чалдыккандар саны 1,6 эсеге өскөндүгү байкалган.

Дарыгерлер профилактикалык талаптарды сактоого жана жылуу кийинүүгө чакырат.

Профилактиканы күчөтүү жана ооруга чалдыккандардын абалын турукташтыруу үчүн министрлик 23 миллион сомго 90 миң 850 даана сасык тумоого каршы вакцина алган. Азыркы учурда Кыргызстанда бекер негизде вакцинациялоо жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү