Өкмөт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу тууралуу сунушун колдоду

Автор -
385

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу тууралуу сунушун колдоого алат.

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтом долбооруна ылайык, 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январын, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майын дем алуу күндөрү кылуу сунушталат.

Белгилесек, аталган документ кызматкерлер тарабынан дем алыш жана жумушчу күнү катары саналбаган майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануусуна багытталган. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 «Дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» жаңы жылдык майрам күндөрүнө тийиштүү токтомун кайрадан карап чыкты.

Белгилесек, Долбоор аркылуу 25-февралдагы дем алыш күнүн 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнүн 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнүн 4-январдагы жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнүн (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которуу сунушталууда.

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору мындан мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Бөлүшүү