Президент: Бабанов менен экс-президент эмне деп сүйлөшүштү билбейм

Автор -

Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынын өткөрүп жатат.

Анда Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү тууралуу кептер айтылып жатканы боюнча суроого «эч кандай сүйлөшүү болгон эмес»,-деп жооп берди.

«Бабанов тууралуу эч кандай үч тараптуу да, эки тараптуу да сүйлөшүү болгон эмес. Өмүрбек Бабановду мен КТРКдагы дебаттарда көргөм, ошондон бери көрө элекмин. Экс-президент менен эмне деп сүйлөшүштү билбейм. Мен кызматка келе жатканда эч кандай бийлик тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн эмес. Менин артыман эмне деп макулдашышты, эмне деп сүйлөшүштү мен билбейм. «Сатып кетти» деп мени саткын атка кондурушту. Мен бир топтун же бир адамдын кызыкчыклыгын коргойм деп убада берген эмесмин»,-деп билдирди президент.

 

Бөлүшүү