Президент Кытайдагы камоолор боюнча: Бакырсаң эле маселе чечилип калса, биринчи болуп мен көчөгө чыгат элем

Автор -

«Кытайда камалган кыргыздарды бошотуу боюнча маселе аябай оор. Буга абдан аяр мамиле жасалышы керек»,-деп билдирди президент.

 «Бул маселеге жогорку дипломатиянын негизинде карашыбыз керек. Мисалы, Кыргызстанда кытайлык 10 жаран камакта жатат. Бирок ал өлкөнүн бийлиги “бошоткула” деп бакырган жок да. Ал жактагы биздин туугандарыбыз – Кытайдын жарандары. Кошуна өлкөнүн ички ишине кийлигише алабыз»,-деди Жээнбеков.

Учурда Кыргызстандын жараны болгон адамдарды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

«Биздин жарандар боюнча иштеп атабыз. Жөн отурган жокпуз. Көчөгө чыгып алалыбы? Бакырсаң эле маселе чечилип калса, биринчи болуп мен көчөгө чыгат элем»,-деп баса белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү