Президент: Текебаев мунапыс сураса эркиндик бере алам

Автор -

Президент бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Жыйында журналисттер Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча көз карашын сурады.

«Текебаевдин иши боюнча соттун чечими бар. Эгер өзү кайрылып, мунапыс сураса эркиндик бере алам. Башка эч нерсе колуман келбейт. Мага чейин эле соттун чечими чыккан»,-деп билдирди Жээнбеков.

Учурда Президент 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйынына 84 массалык маалымат каражаттарынан, анын ичинде чет элдик жана аймактык 172 журналист аккредитациядан өтүштү.

Бөлүшүү