Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестиги алынса эмне болорун айтты

Автор -

Сооронбай Жээнбеков “Экс -президенттин кол тийбестиги алынса, жоопко тартууга даярсызбы?”-деген суроого  «ар кимибиз мыйзам алдында жоопкербиз»,-деп жооп берди.

«Президенттик кол тийбестик мага да тиешелүү, ар кимибиз мыйзам алдында жоопкербиз. Экстен өч алам дегендер көп болот. Мен эч кимди жоопко тартпайм, тиешелүү органдар тартат. Баарыбыз мыйзамдын алдында бирдей болушу керек»,-деди мамлекет башчы.

Учурда Президент 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйынына 84 массалык маалымат каражаттарынан, анын ичинде чет элдик жана аймактык 172 журналист аккредитациядан өтүштү.

Бөлүшүү