АКШ Сириядан аскерлерин чыгара баштады

Автор -

АКШ Сириядагы аскерлерин чыгарып кете баштады. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс билдирди.

Reuters агенттиги АКШ Мамлекеттик департаментинин кызматкерлери Сириядан бир сутканын ичинде, ал эми аскерлери 60 күндөн 100 күнгө чейинки аралыкта чыгарыларын жазды.

19-декабрда президент Дональд Трамп “Твиттердеги” баракчасына Сирияда америкалык аскерлер “Ислам мамлекети” террордук тобунун үстүнөн жеңишке жеткенин жазган.

Анда Трамп АКШ күчтөрүн Сирияга жайгаштыруунун жалгыз себеби «ИМ» тобуна каршы аскердик операция болгонун белгилеген. Учурда анда Кошмо Штаттардын эки миңден ашык аскери бар.

Bloomberg агенттиги Вашингтондогу расмий өкүлдөргө шилтеме кылып, аскерлерди Сириядан толук чыгаруу тууралуу жарлыкка кол коюлганын жазды.

АКШ буга чейин «ИМ» тобуна жана Сириядагы башка террордук топторго каршы күрөш жүргүзүп келген күрт кошуундарга аскердик жардам көрсөтүп турган.

Сентябрда Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Иран Сириядан аскерлерин чыгарып кетмейинче, АКШ күчтөрү ал өлкөнүн аймагында кала турганын билдирген.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириядагы радикал исламчыларга каршы күрөштү 2014-жылы баштаган. Анда коалиция Сириянын демократиялык оппозициясын колдоодо.

Бөлүшүү