Өлкө аймагында 19нан 26-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
311

«19-20-декабрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан, кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү кутулөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден,  Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз 0…-5° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу,

Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,

Тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10° суук,

Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн   -20…-25°, күндүз -9…-14° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

 20-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында   15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-декабрда күндүз  жана 22-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү кутулөт.  Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.

23-24-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы сеундасына 4-9 метрге чейин жетет.

25-26-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

20-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын  2-7 метрге чейин жетет.

21-22-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт, мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн.Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

20-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

21-22-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Бөлүшүү