Чүй облусунда аялдамасында табылган 1,5 жаштагы наристе балдар үйүнө жиберилет. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Маалыматка караганда, облустук ички иштер башкармалыгына Чүй айылындагы аялдамалардын биринде наристе табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери иштин чоо-жайын жана наристенин ден соолугун текшерүү максатында аны аймактык ооруканага жеткиришкен.
Кийинчерээк баланын энеси 23 жаштагы К.А. аттуу Ысык-Ата районунун жашоочусу экендиги аныкталган. Аялдын 3 баласы бар, жарандык никедеги жолдошу менен 1 жыл мурун ажырашып кеткени анык болду.
«Каражаттын тартыштыгынан кичүү баласын мурунку жолдошуна берген. 10-декабрда аял баланы атасынын үйүнө алып келген, бирок ал баланы алуудан баш тарткан. Баланын чоң энеси ошол эле күнү 1 жарым жашар наристени айылдын аялдамасына таштап кетип, милицияга таштанды бала тууралуу кабар берген», -деп билдиришти ОИИББдан.
Учурда бала облустук ооруканага жайгаштырылган. Баланын энеси наристеге тиешелүү документтерди көрсөтө элек. Наристени балдар үйүнө өткөрүү маселеси каралууда.