Сириядан Казакстанга 91 бала кайтарылды

Автор -

Акыркы эки жылдын ичинде Сириядан Казакстанга 91 бала кайтарылган. Бул тууралуу 19-декабрда Астанадагы жыйында казак расмий өкүлдөрү билдиришти.

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин балдар укугун коргоо комитетинин төрага орун басары Ержан Ерсаиновдун айтымында, Сириядан кайтарылган 39 үй-бүлөнүн 91 баласы өлкөнүн тогуз аймагындагы реабилитациялык борборлордо жашап жатат. Алар менен атайын иш жүргүзүлүп, психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Анын айтымында, учурда айрым балдар башка окуучулар менен бирге катардагы мектептерде билим алып, мектеп формасын кийип жүрүшөт. Сирия менен Иракта төрөлгөн казак тектүү балдарга казак тили дагы үйрөтүлүүдө.

Буга чейин казак бийлиги Жакынкы Чыгыштагы согуштар башталгандан бери Сирия менен Иракка Казакстандын жүздөгөн жараны чыгып кеткенин кабарлаган. Анда алардын көбүн кичинекей балдар түзөрү айтылган.

Быйыл мартта өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Нургали Билисбеков Сириядан кайтарылган 125 казакстандыктын 57си соттолуп, калганы укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин билдирген.

Бөлүшүү