Кочкор районунда эки унаа кагышып, эки адам каза болду

Автор -
256

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык  19-декабрь саат 19:42 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кочкор айылында болгон. Анда  «Ауди-100» унаасы менен КамАЗ унаасы кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен Ауди унаасындагы 2 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып каза болгон адамдардын денелерин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркаган адам райондук ооруканага жеткирилген.

Бөлүшүү