«Кара-Кулжа районунда кар көчкү мал сарайды басып калды,-деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда саат 09:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) кар көчкү түшкөн, жалпы көлөмү болжол менен 45 миң куб метрди түзгөн. Ошондой эле Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жайгашкан А.Үркүнбаевага таандык сарайга көлөмү болжол менен 700 куб метр кар көчкү түшүп 5 уй, 2 торпок, 2 жылкы жана 14 кой-эчкини басып калган.
Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМнын 30 куткаруучу КамАЗ унаасы, 2 бульдозер жана 3 жүктөгүчү тартылган.
Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан сарайдан 1 жылкы куткарылып, 5 уй, 2 торпок, 1 тай жана 2 койдун өлүктөрү чыгарылган. Ал эми калган 12 кой-эчкинин өлүктөрүн күн жылыганда өздөрү чыгарышарын билдиришкен. Ошондой эле аталган унаа жолу саат 19:30да бир тараптуу ачылган, ал эми жолду кеңейтүү иш-чаралары улантылууда.