Банк уячалары тууралуу каттын жайылышы иликтенет (видео)

Автор -

Анын айтымында, кеп кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча «өтө маанилүү» деген белгиси бар кат тууралуу болуп жатат.

«Банктарга жөнөтүлгөн кат туура эмес чыгып кетти. Бул документ боюнча элге туура эмес маалымат берилип жатат», — деди Анарбаев.

Финансылык чалгын кызматы банктарга жиберген катты «Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамды аткаруу талаптары менен байланыштырууда.

Буга чейин Интернетке Анарбаевдин «өтө маанилүү» деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.

Анда 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Банк тармагы боюнча экcперттер чалгын кызматынын талабы мыйзамсыз экенин айтышкан.

Ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов уячалар жана эсептер боюнча маалымат алуу аракетин чыккынчылыкка теңеген.