Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты интернетте тараган.

Жогорудагы окуяга байланыштуу финансылык чалгын кызматы коммерциялык банктарга жиберген кат коомчулукка кандайча жарыяланып кеткенин иликтөөнү өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылган.

Банк уячалары тууралуу каттын жайылышы иликтенет (видео)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү