Сооронбай Жээнбеков «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча буйрукка кол койду.
Мамлекет башчысынын буйругу:
«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын
14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечиминин 6-пунктуна ылайык аны ишке ашыруу процессине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү максатында:
«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топ (мындан ары — Жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сагынбаев Дамир Казакович — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдралиева Гулмира Курманбековна — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы,
Турдалиев Эдуард Климович — Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
Кутнаева Нурия Асылбековна — Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору;
Абдуллаев Талант Тынычбекович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору;
Нурматов Байыш Нурматович — И. Раззаков атындагы Мамлекеттик техникалык университетинин электроника жана телекоммуникация институтунун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматтык коопсуздук изилдөө-талдоо борборунун жетекчиси;
Исмаилов Алтынбек Джапарович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы «Жогорку технологиялар паркы» мамлекеттик мекемесинин директору;
Рысалиев Иманкадыр Зарлыкович — «Ачык Өкмөт» (OGP) эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Маматкеримова Гульмира Рысбековна — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Темир Казыбай — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Куренкеев Айбек Суербекович — Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Байкулова Ирина Султановна — «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Шаршеева Аида Шеримбековна — «Digital Casa Кыргыз Республикасы» долбоорунун менеджери (макулдашуу боюнча);
Шахин Татьяна Николаевна — «Digital Casa Кыргыз Республикасы» долбоорунун стратегиялык коммуникациялар жана санариптик лидерлик боюнча координатору (макулдашуу боюнча);
Сагындыков Турат Арстанбекович — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча секторунун инспектору.
Жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:
— ишке мамлекеттик органдардын жана уюмдарынын эксперттерин, консультанттарын, адистерин тартууга;
— коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.
Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.