Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2018-жылдын бүгүн саат 06:17де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарында 2-3 баллга, Арал айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү