Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты

Автор -

Сооронбай Жээнбеков көп адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунамиге байланыштуу Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты.

«Көп сандаган адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген, Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунами жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын эл инин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез айыгып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү