2019-жылы “Дени сак адам — өнүккөн өлкө” программасы ишке кирет

Автор -

«Ушул жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Дени сак адам — өнүккөн өлкө”  программасы тиешелүү токтом түрүндө кабыл алынды.  Программанын талаптарын ишке ашыруу  2030-жылга чейинки аралыкты камтыйт.  Долбоордун алкагында ооруканалардын инфраструктурасын жакшыртуу, “Тез жардам”  жана лабораториялык кызматтарды оптималдаштыруу сыяктуу маселелер чечилет , —  деп билдирди КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Быйыл аймактарды өнүктүрүү жылында дарыгерлердин айлык маянасын 1-октябрдан тарта жогорулаттык.  Президенттин тапшырмасы менен Өкмөт кошумча каражат таап 157 млн сом бөлүп берген. Бишкек шаарында үй – бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда оптимизацилоо иштери жүрүп, жаңы финансылык башкаруу системасы иштей баштады.Аймактарда фельдшердик — акушердик пункттар курулуп, медициналык — санитардык абал жакшырды”, — дейт Саламаттык сактоо министри.

Ошондой эле ал, — “Талас облусунун Аманбаев айылында 55 млн.сомго 25  орундуу чакан оорукана , ал эми Алай районунда 2  үй — бүлөлүк дарыгерлер борбору курулуп ишке берилди”, — дейт далилдүү мисалдарга токтолуп.

“Врачтардын иштеген ишинин натыйжасы  9 индикатор менен бааланат. Эне — баланы кароодогу алардын  ишине өзгөчө  көңүл бурулат. Милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду менен азыр биргелешип иштешип, бюджеттен бөлүнгөн акчаны сарамжалдуу пайдалануу боюнча бирдиктүү иш пландар иштелип чыкты. Саламаттык сактоо тармагына эки булактан каражат бөлүнөт. Бири биздин министрликтен, экинчиси милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунан. Милдетүү камсыздандыруу фонду 135 оорукананы каржылайт», — деди Чолпонбаев.

Кадрларды даярдоодо биздин медициналык окуу жайлар кошуна өлкөлөрдөн алдыда. Бирок дагы да изденүү керек. Бугүн Кыргызстанда 12 медициналык жогорку окуу жайы бар. Биз дарыгерлердин айлык маянасын, жана жумушка ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенде гана өзубүздүн врачтарды сыртка чыгарбай кармап кала алабыз, — дейт Саламаттык сактоо министри.

 

Бөлүшүү