Сокулук районунда турак үйдөн өрт чыгып, 91 жаштагы үй ээси каза болду

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, Жал айылындагы Школьная көчөсүндөгү №24. турак үйдүн ичинде  эмеректер күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1927-жылы туулган П.К.А. аттуу жаран түтүнгө ууланып каза болгон.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү