Жогорку Кеӊеште жаӊы депутат ант берди

Автор -
335

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын жаңы депутаты Өмүрбек Бакиров ант берди.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы КСДП фракциясынын жаңы депутаты Өмүрбек Бакировго мандат тапшырган.

Өмүрбек Бакиров 1978-жылы 30-апрелде Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Ал 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетин аяктаган. 2001-2008-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2008-2011-жылдары «Гарант» ишканасынын директору болгон.

Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Ата Журт» фракциясынан депутат болгон.

Бөлүшүү