Кыргызстандын мурунку бажы жетекчиси Адамкул Жунусов Азербайжандан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.
Адамкул Жунусов Кыргызстанга каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан жеткирилди.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Жунусов эл аралык издөөгө алынган. Ал эми 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылып, экстрадициялоо маселеси карала баштаган.
Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында «А» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.