Жумгал районунда муз аянтчасын тазалап жаткан трактор сууга түшүп кетти

Автор -

Жумгал районунда муз аянтчасы тазалап жаткан трактор сууга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү Чаек айылынын Шортон тилкесинде МТЗ-89 үлгүсүндөгү трактордун айдоочусу муз аянтчасынын карын сүрүп жаткан учурда муз жарылып, трактор жарымына чейин сууга түшүп кеткен.

Кечээ,  27-декабрь күнү тракторду суудан чыгаруу үчүн айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 трактор, 1 ГАЗ-53 унаасы жана КР ӨКМнин №43 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, унааны суудан чыгарышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү