Мурунку бажы жетекчиси Адамкул Жунусов Кыргызстанга алынып келинди

Автор -
349

Кыргызстандын мурунку бажы жетекчиси Адамкул Жунусов Азербайжандан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Адамкул Жунусов  Кыргызстанга каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан жеткирилди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Жунусов эл аралык издөөгө алынган. Ал эми 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылып, экстрадициялоо маселеси карала баштаган.

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында «А» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

Бөлүшүү