Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди жана Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктады.

Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Өзбекстанда мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн иш-чаралар өзгөчө белгиленди.
Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келе жаткан жылдагы болочок иш-чараларды талкуулашты.

Бөлүшүү