Сокулук районунда чак түштө 10 жаштагы кыз зордукталды

Автор -
0

Чүй облусунун Сокулук районунда 10 жаштагы кыз белгисиз адам тарабынан зордукталды.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя 10-июлда саат 14:00дөр чамасында болгон. Шектүүнү кармоо үчүн мыкты ыкчам кызматкерлер тартылган.

Маалым болгондой, 10 жаштагы кыз базарда апасына жардам берчү. Окуя болгон күнү базарда жайгашкан ажатканага барган. Ошол убакта 30-35 жаштагы эркек анын үстүнө кирип барып, кызды ажатканадан алып чыгып күч колдонуп зордуктаган.

«Учурда кылмыш жаза кодексинин «Күч колдонуп зордуктоого аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бардык сот-медициналык экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз