Кыргызстанда 13-17 жашта кош бойлуу болгон кыздардын саны миӊден ашат

Автор -
730

Кыргызстанда жыл сайын 13-17 жаштагы 1,4 миң кыз кош бойлуу болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын репродуктивдүү курактагы аялдарынын 19 пайызы кош бойлуулуктун алдын алгысы келет, бирок контрапцепция (күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануу) ыкмасын колдонушпайт.

Министрликтен билдиришкендей, өлкөдө 113 миң пландалбаган кош бойлуулук жана 34 миң коопсуз эмес аборттор контрацепциянын заманбап ыкмаларын колдонуу менен алдын алынган.

Акыркы жылдары Кыргызстанда жыл сайын 13-17 жаштагы кыздардын 1000-1400 кош бойлуулугу катталат. Анын ичинен 85 пайызга чейинкилери төрөт менен, 15 пайызы аборт менен аяктайт. 15-49 жаштагы аялдардын 0,4 пайызы 15 жашына чейин турмушка чыккан; 20-49 жаштагы аялдардын 12,7 пайызы 18 жашына чейин турмуш кургандар.

Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда контрацепциянын заманбап каражаттарын колдонуу көрсөткүчү 2000-жылдан 2017-жылга чейин 35 пайыздан 25 пайызга чейин азайган.

2018-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги биринчи жолу контрацепциялык каражаттарды сатып алуу үчүн 3 миллион сом бөлгөн.

Бөлүшүү