Япониянын түштүк-батыш жана борбордук райондорунда болгон суу ташкынынан улам 200 адам каза болду. Буга чейин 140 адам каза болгонун чет элдик басылмалар кабарланган.
Кырсык болгон жерлерде учурда 75 миң коргоо күчтөрүнүн, полициянын жана өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат.
Миллионго жакын үй-бүлөлөр турак жайсыз калышкан. Ал эми 70тен ашуун адам дайынсыз жоголгон.
Өлкөнүн метеорологиялык агенттиги билдиргендей, жер көчкүлөр дагы деле коркунуч туудурууда. Табигый кырсыктан жабыркагандар жашаган райондордо жарандык коргоо күчтөрү тарабынан куткаруу операциялары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жаан Японияда 5-июлда башталган.