Президент Япониянын императорунун такка отуруу аземине катышты (фото)

Автор -
262

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.

Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Японияда белгилешкендей,  бул иш чара  Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.

 

Бөлүшүү