9-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

9-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…4,

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5,

Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5,

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн- 1…-3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 4…6°  болот.