Чүй облусунда жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 8-январь күнү  саат 12:37де Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Панфилов районунун Өтмөк айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Бөлүшүү