Президент: Элет жерин өнүктүрүү – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет

Автор -

«Элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2018-жылы негизги аракет региондорду өнүктүрүүгө багытталган. «Айылды, өзгөчө тоолуу жана чек арада жашаган элди колдоо — өлкөнүн территориалдык бүтүндүгүн сактоо менен барабар. Регион, аймак, элет, айыл деген түшүнүктөр ар бир чиновниктин аӊ сезимине тереӊ сиӊген түшүнүктөр болуш керек», — деп белгиледи Президент.

Ал региондорду өнүктүрүү жылы кандай жумуштар аткарылганына кеңири токтолду.

Былтыр элет жеринде жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл бурулуп, региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.

Жаңы ишканалар көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду, бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын 80 пайызга кыскартуу жеңилдиги берилди, продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулду. Дотациялуу аймактарда экспортко багытталган өнөр жай ишканаларына инвестициялык макулдашууга негизделген артыкчылыктар берилди.

Жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу (сборка) өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду, технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду.

Айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырды. 2018-жылы ФСХ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 5,5 миллиард сомдук 11 миңден ашык айыл чарба насыялары берилди. «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу 1,8 жана 1,7 миллиард сом берилди. Мамлекеттик кепилдик фонду тарабынан 690 млн. сомго 636 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар дагы аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 2,4 млрд сом кредит беришти.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Натыйжада 1646 долбоор каржыланып, жалпысынан 300 млн. долларга жакын каражат жумшалды. Анын ичинен 55 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

Өлкөнүн региондору боюнча 2018-жылы 2500дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлдү.

Турак жайга мамлекеттик ипотеканын пайызы 14төн 10 пайызга, андан соӊ 8 пайызга төмөндөдү, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн 7 пайызга төмөндөтүлөт. Келечекте төмөн пайыз менен мамлекеттик ипотека бюджет кызматкерлери, врач, мугалимдерге гана эмес, бардык эле турак жайга муктаж жарандарга бериле баштайт.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы транспорттук, социалдык-инфраструктуралык, энергетикалык долбоорлор, тышкы саясаттагы иш-аракеттер тууралуу айтып берип, региондорду өнүктүрүү иштери токтобостон, кийинки жылдары да улана турганын белгиледи.

Ошондой эле сот-укуктук реформанын маңызына токтолду. Президент белгилегендей, жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүм балдар, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн түз таасирине кабыл болбойт. Түзөтүү мекемелердин контингенти азаят, анткени түз жолдон адашкан жарандарды сөзсүз эле жазалоо максат эмес.

«Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбай кете беришибиз зарыл. Жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын айрым нормаларына сын пикирлер айтылып жатат. Аларды зарылдыгы болсо оңдойбуз Мисалы, айрым штрафтардын өлчөмү абдан эле чоӊ болуп калганы жөнүндө ой-пикирлер айтылып жатат. Аларды парламент, өкмөт карап көрөт. Бирок, баарыбыз тартип менен жашоого үйрөнүшүбүз зарыл. Биз бул реформаны сөзсүз ишке ашырабыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, ал коррупция менен күрөшүү токтобой турганын, президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты бойдон калаарын айтты.

«Өлкөдөгү коррупция ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети дагы ачылат», — деп белгиледи.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бийик деңгээлде өткөнүнө токтолду.

«Эӊ башкысы — стратегиялык кадамдарыбыз, аракеттерибиз кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болду. Ошондуктан, мекендештеримдин колдоосу үчүн чын пейлимден тереӊ ыраазылыгымды билдирем», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.

Бөлүшүү