«Ушул жылдын 10-январында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт»,-жеп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.