11-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
248

11-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоого жакын жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз да Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жана кар жаайт. Айрым райондорду туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5,

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жана кар себелеп турат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 3…5° болот.

Бөлүшүү