Тажикстанда секс-кызматтар 25-30% арзандады

Автор -

Тажикстанда акыркы жылдары секс-кызматын көрсөткөндөрдүн акысы 25-30% төмөндөдү. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, буга интимдик кызматтан пайдаланган эркектерге карата жазанын катаалдашканы себеп болууда.

Кыргызстан, Тажикстан жана Орусиядагы секс-кызматкерлерди бириктирген “Шах-айым” түйүнү Тажикстанда сойкулардын акысы кыйла төмөндөгөнүн билдирди.

Укук коргоочулардын сурамжылоолоруна ылайык, шаарда интимдик кызматтар айыл жерине караганда алда канча кымбат. Сойкулардын жаш курагы дагы баага таасирин тийгизет. Орто эсеп менен мындай кызматтар саатына 50-80 сомониден ($5-$8) 30-35 сомонге ($3-$3,6) арзандаган.

Кеңсеси Бишкекте жайгашкан “Шах-айым” түйүнүнүн өкүлдөрү “Азаттыктын” тажик кызматына маек беришип, милиция рейддери, коомдук уяткаруу иштери — баалардын төмөндөшүнө таасирин тийгизгенин белгилешти.

Тажикстан ИИМи билдиргендей, 2018-жылдын 9 айында 6 миң сойку катталган, алардын ичинен 32си өспүрүм болгон. 18 жаштан 30 жашка чейинкилери 1500 кишини түзсө, калганы – 30 жаштан жоркулар.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү