Дем алыш күндөрү өлкөбүздүн аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  12-16-январда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

12-январда көпчүлүк аймактарда  кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

17-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 12-январда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн.

13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 12-январда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү