Ош шаарынын Асранкулов көчөсүнө тротуар куруу иштери башталды

Автор -

Ош шаарынын А. Асранкулов көчөсүнө жөө жүрүүчү жол куруу иштери башталды. Салынуучу жөө адамдар жүрүүчү жолдун узундугу 157 метр болуп, туурасы 3 метр.

«Учурда таш таман басууга даярдоо иштери жүрүүдө. Курулуш иштерин шаардык жолдор башкармалыгы аткарып, мөөнөтү 3 ай»,-деп айтылат маалыматта.

Жөө жүрүүчү жол жергиликтүү бюджеттен каржыланып, курулуштарды сапаттуу куруу боюнча шаар мэри тапшырма берген.

Бул курулулуш аяктагандан кийин башка көчөлөрдөн куруу иштери улантылат.

Бөлүшүү