Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Норвегияга барат

Автор -
280

«15-16-январда Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жумушчу иш сапары менен Норвегия Королдугуна барат», деп билдирди аталган министрликтин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, сапардын алакагында Айдарбеков Норвегиянын Тышкы иштер министри И.Э.Сёрдейде баш болгон бир катар жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү пландалууда.

Мындан сырткары министр Норвегияда жашап, иштеген кыргызстандыктар менен да жолугары маалым болду.

Белгилей кетсек, Чынгыз Айдарбеков Норвегияга иш сапар уюштурган биринчи Тышкы иштер министри болуп саналат.

Бөлүшүү