Токмок шаарында 1 тонна бензин, 50 даана жылытуучу газ мештери күйүп кетти

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, Совет жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде, темир контейнердин ичинде болжол менен 1 тонна бензин, 50 даана жылытуучу газ мештери күйгөн.

ӨКМ жалынды бир жарым саатта өчүргөн. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Белгилей кетсек, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Бөлүшүү