Кыргыз парламентинин 80 жылдык урматына КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайл тамгасы менен кыргыз жана орус тилдеринде басылган 2 нускасын КР Жогорку Кеңешинин илим-изилдөө борборуна өткөрүп берди.
КР БШК жетекчилигинин Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери менен жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайл тамгасы менен эки тилде басылган 2 нускасы көрүүсү жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын пайдалануусу үчүн университеттин Илимий китепканасына тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын БШКсынын жаштар менен алардын укуктук, шайлоо маданиятын жогорулатуу, жаш шайлоочуларды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды укуктук жактан агартуу боюнча мерчемделген жолугушууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайл тамгасы менен басылган нускалары БШК тарабынан бардык региондордун ЖОЖдорунун китепканаларынын фондуларына таратылмакчы.
КР БШКнын демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин каржылык колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Брайлдын чекит-рельеф тамгасы менен 20 нускасы басылган (10у — кыргыз, 10у орус тилинде),
Бул чара Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун демилгелеринин бири болуп саналат. Инклюзивдүүлүктү жогорулатууга багытталган иш-аракеттердин кеңири планынын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укук маданиятын, сабаттуулугун жакшыртуу боюнча башка колдонмолор, маалыматтык материалдар дагы чыгарылат.