Өзгөн шаарынын жаӊы мэри шайланды

Автор -

Бүгүн, 17-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү.  Бул тууралуу БШК маалымдады.

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинде 31 депутат бар, 31 тең катышты.

Добуш берүүнүн натыйжасында, Өзгөн шаардык кенешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүк санын, тактап айтканда 16 добушун «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан Халматов Мухтаржан Маматжанович алды.

Мэр башчылыгына 2 талапкер аттанган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү