Фергана шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү тургундар жашап жаткан эки кабаттуу үйлөр түрттүрүлө баштады.
Маалыматка караганда, аталган үйдүн тургундарынын жарымы бийлик тарабынан сунушталган үйлөргө көчүп кетишкен. Бирок айрымдары аларга бериле турган үйлөр шаар четинде болуп, жакын жерде мектеп, дүкөндөр жок экенин айтып, көчүп кетүүдөн баш тартып жатышат.
Калаа бийлиги Навои көчөсүндөгү бузула турган үйлөрдүн тургундары тез арада көчүрүлүшү керектигин, анткени ал жерлер 100 миллион доллар инвестиция салууга макул болгон түштүк кореялык ишкерлерге бөлүнүп берилгенин билдирүүдө.
Калаа башчысы тарабынан кол коюлган жарлыкта шаардын аталган бөлүгүндөгү «эскирип калган» онго жакын үйдүн тургундары Компенсациялык комиссия менен түзүлгөн келишимдин негизинде көчүп кетиши керектиги жазылган.
Бирок тургундар жергиликтүү бийлик аларга шаардын борборунан батирлерди берүүнү убадалагынын айтып жатышат.