Сооронбай Жээнбеков Дача-Су айылынын балдары менен жолугушту

Автор -
228

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташыгыч самолеттун кыйрашынын кесепетинен өз жакындарынан айрылып калган балдар менен жолугушту.

Мамлекет башчысы дагы бир жолу балдарга көңүл айтып, бул күн өлкөбүз заматтын ортосунда көптөгөн жарандарынан ажырап калган эң кайгылуу күн катары кыргызстандыктардын эсинде калганын белгиледи.

«Бул күн Кыргызстандын тарыхында өтө оор, кайгылуу күн катары калды. Биз мекендештерибизден, күнөөсүз балдарыбыздан ажырап калдык. Кыргызстан элинин атынан жана өз атымдан дагы бир жолу силерге көңүл айтам. Өз жакындарын жоготкон балдарыбыз аман-эсенчиликте узак жана бактылуу өмүр сүрүшсүн», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Балдар менен жолугушууга чогуу келишкен курман болгондордун жакындары балдарга ар дайым көңүл буруп, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн Президентке ыраазычылык билдиришип, алар бардык зарыл жардамды жана колдоону өз убагында алып жаткандыгын белгилешти.

Жолугушуунун аягында Мамлекет башчысы балдарга Чынгыз Айтматовдун чыгармалары басылган китептерди белекке берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушууга бүгүн  жакындарын жоготкон балдар — Шералиев Жакшылык, Абакиров Султан, Райымкулова Элайым, Нурлан уулу Мирлан, Шаршенбеков Эрлан жана Карыпбаева Сайкал жакын туугандарынын коштоосунда келишти.

Бөлүшүү