Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт 

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык,  16-январынан 18-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт .

Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон аймактар:

  • Төө-Ашуу ашуусу,
  • Ала-Бел ашуусу,
  • Чычкан капчыгайы,
  • Чапчыма ашуусу,
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдары,

«Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл»,-деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.